Жаңылыктар
Д.Сыдыковдун рекорду - Түз эфирди чагылдырууда КТРКнын 50гө жакын кызматкери иш алып барды
Маданият
Д.Сыдыковдун рекорду - Түз эфирди чагылдырууда КТРКнын 50гө жакын кызматкери иш алып барды

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрь күнү 14 сааттан ашык "Манас" айтып, рекорд койду. 

Коомдук Биринчи каналдын "Маданият Тарых Тил" каналы рекорддук "Манас" айтууну башталгандан аягына чейин түз эфирде чагылдырып турду. Түз эфирге даярдык бир сутка мурда башталып, КТРКнын көчмө студиясы 11- ноябрь күнү аянтка орнотулду. Түз эфирди чагылдырууда КТРКнын 50гө жакын кызматкери иш алып барды. 

Түз эфирде иш алып барган оператор, режиссерлор, түз эфирди камсыздаган бардык техникалык кызматкерлер бир сутка бою нөшөрлөгөн жамгырга карабастан тикесинен тик туруп, иш үстүндө болду. КТРКнын "Маданият Тарых тил" каналы буга чейин "Ала-Тоо" аянтында 5 сааттык "Манас" айтууну уюштуруп, түз эфирде үзгүлтүксүз чагылдырган.