Жаңылыктар
Медициналык академиянын окутуучулары манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдеп жатышат
Кыргызстан жаңылыктары
Медициналык академиянын окутуучулары манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдеп жатышат

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын тийиштүү кафедрасынын окутуучулары кечээ, 12-ноябрда 14 сааттан ашуун убакыт эс алуусуз “Манас” эпосун айткан манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин медицина жаатында изилдеп жатышат. Окутуучулар манасчынын “Манас” айтууга чейинки жана айткандан кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында андан эки жолу кан анализин алышты.

Анализдер атайын лабораторияга жиберилип, жыйынтыгы жакынкы мезгилде чыгат жана көпчүлүккө жарыяланат.