Жаңылыктар
ӨКМ: аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө

Узакка созулган  жылуу аба ырайынан кийин, 17-19-январь күндөрү  аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө.  Белгиленген күндөрү, түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар көп түшөт.

Тоолуу аймактардын унаажолдорунда кар күрткү коркунучу жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. 17-18-январда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

18-19-январда абанын температурасы кескин төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 0…5° суукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 10…15°, күндүз 1…6° суукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 7…12°, күндүз 2…7°  суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25°, күндүз 10…15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо  түнкүсүн 25…30° суукка, күндүз 13…18° суукка чейин жетет.