Жаңылыктар
Белгилүү актер жана режиссёр Армен Джигарханян каза болду
Дүйнө
Белгилүү актер жана режиссёр Армен Джигарханян каза болду

 86 жаш курагында белгилүү актер жана режиссёр Армен Джигарханян каза болду. Бул тууралуу анын расмий өкүлү Артур Согомонян билдирди, деп деп жазат ТАСС.

Актёр акыркы убактарда оору менен күрөшүп, ооруканада жаткан. Ал 14-ноябрга караган түнү таңкы саат алтыда көз жумган. 

Туугандарынын айтымында, акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда болот.

Армен Джигаряхан 1935-жылы 3-октябрда төрөлгөн. 

Ал Орусиянын «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» орденинин II, III, IV даражаларын алган. Ага Армениянын «Ардак» ордени ыйгарылган жана Еревандын ардактуу жараны наамы берилген. Ага кино жана театр өнөрүндөгү салымдары үчүн бир катар эл аралык сыйлыктар ыйгарылган.

Актер 250дөн ашуун кинотасмада тартылганы айтылып келет. Арасында «Кармалбас өч алуучулар», «Жолугушуу жайын өзгөртүүгө болбойт», ж.б. даңазалуу тасмалар бар.