Жаңылыктар
Президенттин милдетин аткара баштаган спикер Талант Мамытов элге кайрылды
Саясат
Президенттин милдетин аткара баштаган спикер Талант Мамытов элге кайрылды

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып бергенден кийин, Конституцияга ылайык, президенттин милдетин аткара баштаган спикер Талант Мамытов 14-ноябрда кайрылуу жасады.

Анда Кыргызстан 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен чыкканы, ушул тапта укук коргоо органдары, соттор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары штаттык режимде иштеп жатышканы айтылат.

Ал чакан жана орто бизнести коргоо, өнүктүрүү иштери колго алынганын, тышкы саясатта Кыргызстан жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле президенттик шайлоо маселесине токтолду.

«Эң башкы милдет - 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу. Ошондуктан, өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам».


Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 63 жаран арыз берди.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган. Ал президенттикке талапкерлигин койгону үчүн кызматын 14-ноябрда тапшырды.

Мыйзам боюнча парламент спикери Талант Мамытов президенттин милдетин убактылуу аткарып жатат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.