Жаңылыктар
Азербайжан Калбажар районунан армян аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн узартууга макул болду
Дүйнө
Азербайжан Калбажар районунан армян аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн узартууга макул болду

Баку Тоолуу Карабактагы Калбажар (армянча «Карвачар») районунан армян аскерлерин жана калкын чыгарып кетүү мөөнөтүн 25-ноябрга чейин узартууга макул болду. Бул тууралуу Азербайжан президентинин тышкы саясат маселелери боюнча жардамчысы Хикмет Гажиев билдирди.

Анын айтымында, Армения мындай өтүнүчүн Орусия аркылуу билдирген. Калбажар районунан Арменияга кеткен жалгыз гана жол болгондуктан, аскерлерди белгиленген мөөнөттө чыгарып кетүү мүмкүн болгон эмес.

Азербайжан, Армения жана Орусия кол койгон Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашууга ылайык, армян аскерлери Калбажар районунан 15-ноябрга чейин чыгарылып кетиши керек болчу.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бул районго өз аскерлерин жайгаштырууна пландоодо.