Жаңылыктар
Таиланд чет элдик туристтердин кирүү шарттарын атады
Дүйнө
Таиланд чет элдик туристтердин кирүү шарттарын атады

Таиланд  туристтер үчүн чек араларын ачты. Бирок бир канча шарттар каралган, алардын банк эсебинде кеминде 500 миң бат (20 миң долларга жакын) акча болушу зарыл. Бул тууралуу Travel Off Path порталы жазып чыкты.  

Ошондой эле, Таиланд бийлиги өлкөгө  кирүү үчүн бир катар шарттарды атады. Биринчиден, коронавируска терс ПЦР анализин беришиңиз керек, ал учууга чейин  72 сааттын ичинде алынышы зарыл. Өлкөгө киргенден кийин туристтер экинчи жолу текшерилет.

"Тесттен коронавирус аныкталып калса, саякатчы мамлекеттик ооруканага которулат", - деп билдирет  портал. Андан сырткары, туристтерге 30-40 евролук виза жана Таиландда болуу мезгилинде кеминде 100 миң долларга камсыздандыруу керек. Ал коронавирус инфекциясын дарылоого кеткен чыгымдарды жабышы зарыл.