Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында “Кесип тандоо - келечекти тандоо!” аталышында онлайн форум өттү
Билим
Кыргызстандын аймагында “Кесип тандоо - келечекти тандоо!” аталышында онлайн форум өттү

Кыргызстанда 6 миңден ашуун мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер “Кесип тандоо - келечекти тандоо!” аттуу биринчи онлайн-билим берүү акциясына катышты. Бул тууралуу "Биримдик" коомдук фонду билдирет.

Аталган акция 15-сентябрдан 15-ноябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында өттү.

Акциянын жүрүшүндө YouTube видеохостингине жайгаштырылган вебинарлар, мастер-класстар 9 миңден ашуун көрүүгө ээ болду.

Биринчи жолу билим берүү акциясы онлайн форматта өтүп, анын уюштуруучулары атайын веб-порталын иштеп чыгышкан.

Анда ар бир катышуучу  эң популярдуу, келечектүү кесиптер тууралуу,  Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунун окуу багыттары боюнча кызыктуу маалыматтарды эркин ала алышат жана ЖОЖдорго кирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билишет.

Билим берүү акциясынын алкагында студенттердин илимий сессиясы да болуп өтүп, ага өлкөнүң  11 жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.