Жаңылыктар
Япония аюуларды коркутуу үчүн Monster Wolf роботторун колдонууда
Дүйнө
Япония аюуларды коркутуу үчүн Monster Wolf роботторун колдонууда

Япониянын айылдарында барган сайын кооптуу болуп жаткан аюуларды коркутуу максатында робот карышкырлар пайда болду. Бул тууралуу The Guardian жазып чыкты.

Түндүк Хоккайдо аралындагы Такикава шаары сентябрь айында ээн жүргөн аюулар табылгандан кийин Monster Wolf эки роботун сатып алып, орнотту. Шаар бийлиги робот коюлгандан бери аюу менен жолугушуу болбогонун билдирди.

Улуттук NHK телерадиокомпаниясынын маалыматына ылайык, Японияда аюуларды көргөндөрдүн саны акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат , алар көбүнчө  Япониянын батыш жана түндүк тарабындагы айыл жерлеринде кездешет. Буга чейин, 2020-жылы ондогон кол салуулар болуп, алардын экөө өлүмгө алып келген, ошондуктан өкмөт коркунучту жоюу үчүн өткөн айда чукул жыйын чакырууга мажбур болушкан.

Желмогуз Карышкырдын төрт буту, түктүү денеси, жеңил манжасы жана кызыл жаркыраган көздөрү бар. Анын кыймыл детекторлору иштетилгенде, ал башын буруп, жарыкты күйгүзүп, карышкырлардын уулуганынан баштап унаалардын ызы-чуусуна чейинки үндөрдү чыгарат. Ohta Seiki  өндүрүүчүсү 2018-жылдан бери болжол менен 70 даана робот саткан.