Жаңылыктар
2021-жылга бюджеттин долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине киргизилди
Экономика
2021-жылга бюджеттин долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине киргизилди

«2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата болжолу тууралуу» мыйзам долбоорун өкмөт Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине киргизди. Бул тууралуу парламенттин сайты кабарлады. 

Анда маалымдалгандай, документти бүгүн, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети карайт. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзам долбоору жөнүндө маалыматты 17-ноябрда угат. Калган беш комитет бюджетти качан карай турганы белгиленген эмес. 

Алардын баарында каралгандан кийин мыйзам долбоору жалпы палатага чыгат. Комитеттер мындан сырткары 2019-2020-жылдардын бюджетине байланыштуу мыйзамдарды да карап, палатага чыгарышы керек. Мурдараак кабарлангандай, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 26 млн. сом, чыгашасы 170 млрд. 64 млн. сом деп болжолдонууда. Тартыштык 7 млрд. сомду түзөт. Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңсыктыгы 30 млрд. сомго чукул болору айтылган.