Жаңылыктар
Абайлаңыздар! Ашууларда жол тайгак болот
Кыргызстан жаңылыктары
Абайлаңыздар! Ашууларда жол тайгак болот

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) түндүк бетинде кардын бийиктиги 5-17 см, түштүк тарабында 15-40 см болду. Бул тууралуу 16-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-216-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) кардын орточо калыңдыгы 5-25 см түзөт.Жолдордо кар жана муз бар.

Өтмөк-Талас унаа жолунда 0-14 км (Өтмөк ашуусу), кардын бийиктиги 5-20 см. Жолдордо кар жана муз бар.

Бишкек-Ош жолунда 216-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) кардын орточо калыңдыгы 0-30 см түзөт, жолдордо кар жана муз тоңот.

Бишкек-Ош жолунда 357-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кардын орточо калыңдыгы 0-5 см түзөт.  Жолдун айрым жерлеринде кар, муз тоңот.

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 75-100-чакырымында (Чапчым ашуусу) кардын бийиктиги 10-15 см.Трассанын айрым жерлеринде кар жана муз бар.

Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунда (Кара-Буура ашуусу) кардын бийиктиги 10-30 см.Жолдун айрым жерлеринде кар, муз каптап турат.

Каракол-Эңгилчек жолунда 55-92-чакырымдарында (Чок-Ашуу ашуусу) кардын орточо калыңдыгы 0-18 см түзөт, жолдордо кар жана муз бар.

Түп-Кеген трассасында 43-76-чакырымдарында кардын орточо калыңдыгы 0-11 см түзөт, жолдордо кар жана муз тоңот.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 264-287-чакырымында (Долон ашуусу) кардын орточо калыңдыгы 0-10 см.Жолдордо кар жана муз бар.