Жаңылыктар
Гонкондогу турак жайлардын биринде ири өрт чыгып, 7 киши каза болду
Дүйнө
Гонкондогу турак жайлардын биринде ири өрт чыгып, 7 киши каза болду

Гонкондогу турак жайлардын биринде ири өрт чыгып, 7 киши каза болду. Дагы 17 адам ар түрдүү жаракаттарды алышты. Айрым басылмалар бул өрт акыркы 10 жылдын ичинде катталган эң кандуу кырсык болгонун жазышууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өрт жекшемби күнү кечке жуук башталганын жазышты. Жабырлануучулар госпиталга жеткирилип, айрымдары реанимация бөлүмдөрүнө жаткырылды. Өрт өчүргүчтөр окуя болгон жерге келгенден кийин 30 мүнөттөн соң гана өрттү өз көзөмөлүнө ала алышкан. Синьхуа агенттигинин маалыматына ылайык, өрт эки сааттын ичинде өчүрүлдү. Учурда полиция өрттүн себептерин териштирүүдө.

"South China Morning Post" агенттиги билдиргендей, бул өрт акыркы 10 жылдын ичинде катталган эң кандуу кырсык болду. Тилсиз жоо каптаган Коулун районундагы көпчүлүк имараттардын эскилиги жеткен дешет жергиликтүүлөр.

Гонконгдун лидери Кэрри Лам жекшемби күнү кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып билдирүү жасады. Ал бардык жабыркагандарга тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.