Жаңылыктар
Куба чектөөлөрдөн кийин алгачкы жолу коммерциялык багыттагы авиа каттамды кабыл алды
Дүйнө
Куба чектөөлөрдөн кийин алгачкы жолу коммерциялык багыттагы авиа каттамды кабыл алды

Куба сегиз айга созулган чектөөлөрдөн кийин биринчи жолу коммерциялык багыттагы авиа каттамды кабыл алды. Бийлик бул өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн жасалган кадам экенин билдирди. Бирок санитардык эрежелерди сактоо талабы катуу көзөмөлдөнөт.

"Гавана" эл аралык аэропорту сегиз айлык чектөөдөн кийин алгачкы жүргүнчүлөрдү кабыл алды. Бул кадимки жашоо шартына кайтуу үчүн жасалган кадам болду. Бийлик аралдын экономикасын мурунку абалына кайтарууга жардам берет деп үмүттөнүп турат. Панамадан 20 жүргүнчүнү алып келген “Copa Airlines” аба каттамын кол чабуулар менен тосуп алышты.

Жетекчилик баары ойдогудай ишке ашса, аэропорт пандемияга чейинки сандагы рейстерди кабыл алып, тейлеши мүмкүн экенин билдирди. Алсырап бараткан туризм тармагы жана жеке менчик бизнести колдоо үчүн ондогон каттамдар уюштурулуп, миңдеген туристтер кабыл алынмакчы.

Covid-19 га каршы тесттен өткөн жүргүнчүлөр беш күн обочолонууга жана кошумча ПЧР анализин да тапшырууга милдетүү. Бул талаптар аткарылгандан кийин гана аларга коомчулукка аралашып жүрүүгө уруксат берилет.

Өлкөнүн саламаттык сактоо өкүлдөрү аралда тумоону жуктуруу кучөп кетпеши үчүн жүргүнчүлөргө жетишээрлик деңгээлде катаал талаптар коюлушу керек дешет. Аймакта пандемия башталгандан бери сегиз миңге жакын адам вирусту жуктуруп алса, 131 адам каза болгон.