Жаңылыктар
Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү
Ден соолук
Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү

Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Саламаттык сактоонун оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 26 миң адам өпкө дартына чалдыкса, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 24 миң киши ооруган

Өпкөнүн сезгенүүсү өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда - 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда - 11,5 пайызга өскөнү белгиленди. Ушул эле убакыт аралыгында өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы - шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына - 7 пайызы туура келди. Ал эми 2019-жылы пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санынан алганда дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.