Жаңылыктар
Акча тууралуу 25 чындык
Экономика
Акча тууралуу 25 чындык

Каражат табуу, карыз алуу, сактоо, чогултуу, сарптоо - бул  күнүмдүк түйшүктөрүбүз жана биздин сезимдерибиздин көпчүлүгү акча менен байланыштуу. Акча менен мамиледеги башкы максатыбыз - жашообузду камсыз кылуу. Бирок ар бир адам акчага жасаган мамилесинен өзү тууралуу көп нерсени билсе болот. Ылдыйда акча тууралуу 25 чындыкты билип алсаңыз, жашоодо пайдасын тийгизбей койбойт. 

1. Акча эсепти жакшы көрөт.

2. Туура жумшалган акча прогресс болуп көбөйөт.

3. Акчаны коротпой, инвестиция кылыш керек.

4. Акчаны өсө турган нерсеге гана инвестициялоо керек.

5. Акчанын тынымсыз жетишсиздиги эмнени айтат: каржылык сабаттуулуктун жоктугун.

6. Финансылык сабаттуулуктун эң ылдам окутуучулары - бул карыздар.

7. Жада калса айына миллион доллар иштеп тапсаңыз дагы, баары бир кедей бойдон калышыңыз мүмкүн.

8. Байлык акчанын көлөмүндө эмес, аны иштете билүүдө.

9. Чыныгы бай адам акчадан көз каранды эмес.

10. Акча менен иштөөдө олуттуу болуңуз.

11. Эмоциялар нөлдөрдүн санын чыныгы суммага кошот.

12. Акчага көз каранды болуп турганда, аны көбөйтө албайсыз.

13. Акчаны коротуу оңой, ал эми инвестициялоо кызыктуу.

14. Каражаттардын агымы кубанууга эмес, ойлонууга негиз болот.

15. Тажрыйба, шык, билим жана иштөөгө болгон каалоо, кирешени көбөйтөт.

16. Убакыт, байланыштар, идеялар жана айланаңыздагы тажрыйба да акча турат.

17. Акчаңыздын көлөмү - бул сиздин жасаган ишиңиздин көрсөткүчү гана эмес, колуңуздан келген иштин далили.

18. Баардык нерсе акчага турарын унутпасаңыз, акчаны ар кандай нерседен табууга болот.

19. Акча табыш үчүн карызга караганда, "кантип акча жасоону" издөө жакшы.

20. Байлардын 100 доллары кедейлердин 100 долларына караганда алда канча кымбат.

21. Жашоодогу туруктуулук сизге акчанын көлөмүн эмес, сата турган жөндөмдөрдүн көлөмүн берет.

22. Акчага болгон муктаждык - бул байлыкка биринчи кадам.

23. Суук, ачкачылык жана карыз өмүр бою стимул бойдон кала берет.

24. Көпчүлүк адамдар эркин жашоого эмес, бир айлык рационго макул болушат.

25. Карышкырды бут, ал эми ишкерди мээ багат.