Жаңылыктар
Москвада Лениндин күмбөзү жабылат
Дүйнө
Москвада Лениндин күмбөзү жабылат

Москвада коронавируска байланыштуу Лениндин күмбөзү жабылат.

Бул тууралуу орус басылмалары жазды. Маалыматка ылайык, 17-ноябрдан баштап Москва Владимир Лениндин мавзолейине жана Кремль дубалынын жанындагы некрополиске зыяратчыларды кабыл алууну токтотот.

Буга чейин мавзолей жазында жабылган, бирок июль айында чектөөлөр алынып салынган.

Апрель айында Москвада карантиндик чектөөлөргө карабастан, Россиянын Коммунисттик партиясынын өкүлдөрү мавзолейге жана некрополиске Лениндин туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүшкөн.