Жаңылыктар
Токмок аймактык ооруканасында 30 орундуу төрөт бөлүмү ачылды
Ден соолук
Токмок аймактык ооруканасында 30 орундуу төрөт бөлүмү ачылды

Токмок шаарында аймактык оорукананын жаңы төрөт бөлүмүнүн ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрөт үйү үчүн жаңы имараттын курулушу 2019-жылдын август айында башталган. 30 орундуу эки кабаттуу жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Төрөт бөлүмүнүн курулушу толугу менен "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан жалпы суммасы 57 миллион сомго же 826 миң долларга каржыланган.