Жаңылыктар
Пандемия шартында ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда акча которуулар кыскарышы күтүлүүдө
Экономика
Пандемия шартында ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда акча которуулар кыскарышы күтүлүүдө

Пандемия шартында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ортосунда акча которуулар олуттуу кыскарышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын баяндамасында белгиленген. Бул тенденция Армения жана Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу экендиги айтылат. Анткени бул эки өлкөнүн калкынын кирешелери ички экономикалык кырдаал тарабынан гана эмес, союздун башка өлкөлөрү тарабынан да таасир этет.

Толкунбек Сейдакматов 17 жылдан бери Россияда иштеп, жеке ишкерчилик кылат. Пандемия башталганы мекенине келген бойдон кайра кете элек. Ай сайын Кыргызстанга которуп туруучу каражаттары дагы токтогонуна жарым жылдан ашты.