Жаңылыктар
Райымбек Матраимов кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 493,8 млн. сом төктү
Коррупция
 Райымбек Матраимов кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 493,8 млн. сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине ушул күнгө чейин 493,8 млн. сом которду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тактагандай, мурдагы бажычы акчаны 5-ноябрдан баштап которо баштаган. Финансы министрлиги ал милдеттенме алган сумманы кайсы мөөнөткө чейин төгүп бүтөрүн укук коргоо органдары чечерин маалымдады.

Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.