Тропикалык “Сэлли” бороонунун кесепетинен болжол менен 550 миң америкалык түндү электр жарыгысыз өткөрдү. Бул тууралуу Day.Az Интерфакска шилтеме берүү менен билдирди.
Мексика булуңунун жээгиндеги штаттарды нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамал каптады. Флорида менен Алабаманын айрым бөлүктөрү эң көп жабыркады.
Алабамада бир адам каза болуп, дагы бир адам дайынсыз болууда. Андан сырткары жүздөгөн адамдар куткарылды.