Жаңылыктар
Экстремисттердин тузагына түшкөндөр азайды
Дин
Экстремисттердин тузагына түшкөндөр азайды

Кыргызстандан Сирия, Ирак жана Ооганстандагы экстремисттик топтордун катарына кошулуу максатында 508 адам чыгып кеткени тууралуу Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, чыгып кеткендердин 387си эркек болсо, 121и аялдар. Кайра артка 40 адам кайтып келген. 508 адамдын 83ү жашы жете элек өспүрүмдөр. Ал эми үй-бүлөсү менен кеткендердин саны 58 болсо, 33 адам каза тапкан.

Сталбек Рахманов ошондой эле, коомчулук арасындагы түшүндүрүү иштеринин натыйжасында экстремисттердин тузагына түшкөндөр азайганын кошумчалады.