Жаңылыктар
Мексикада газ ташыган унаа жарылып, 14 адам каза болду
Дүйнө
Мексикада газ ташыган унаа жарылып, 14 адам каза болду

Мексикада чоң жолдо газ ташыган унаа жарылып, кеминде 14 адам каза болду. Аймактык прокуратуранын маалыматына ылайык, өзгөчө кырдаал Наярит штатында болгон.  Аталган маалымат Фейсбукка жарыяланган.

Суюлтулган газ ташылган чиркегичи бар унаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандыгы маалымдалды. Унаа оодарылып, жарылып кеткен. Жарылуудан жанында жайгашкан үч унаа толугу менен кыйрады. Шоссенин боюндагы кыймыл-аракет токтоду. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерде иштеп жатышат.