Жаңылыктар
Кыз-жигит Сармерден: Нарындын мырзалары менен Кара-Кулжанын айымдары
Маданият
Кыз-жигит Сармерден: Нарындын мырзалары менен Кара-Кулжанын айымдары

Эзелтеден кыргыз элинде кыз-жигиттин "Сармерден" оюну ойнолуп келген. Бабалардан калган бул улуу мурасты сактап, аны муундан муунга өткөрүүдө элдик таланттардын, андан чыккан көсөмдөрдүн сөз баккан актаңдай акындардын салымы зор.

Жаратылышынан ыр-күүгө жакын кыргыз элинин керемет, ооздон-оозго айтылган оозеки көркөм чыгармачылыгы бар. 

Мисалга алсак кыз-жигиттин айтышы, жаңылмач, табышмак, макал-лакап айтышы жана башка ушу сыяктуу оюн-зооктор.

Ушул өнөрдү улай, Коомдук биринчи каналдын концерттик студиясында Нарын районунун жигиттери менен Кара-Кулжа районунун айымдары ат салышты.

Калыстар тобунун катарын толуктаган обончу-композитор, комузчу Атайбек Бөдөшов, КРнын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Сапаралиев жана КРнын эмгек сиңирген артисти Анара Мадиева кыз-жигит оюнуна бааларын беришти.