Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш солгундадыбы?
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш солгундадыбы?

 Укук коргоо органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзамдардын аткарылышы жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат жатат. Бул тууралуу бүгүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкы прокурордун жетекчилиги астында өткөн координациялык кеңештин кезектеги отурумунда айтылды. Кеңеште негизинен күч органдарында коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү жана мыйзам бузулган учурда катаал чараларды көрүү сунуштары берилди. 

 Координациялык кеңештин кезектеги отуруму бир чети алгачкы алты айдын жыйынтыгын чыгаруу болсо, бир жагынан коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кемчиликтерди жоюуга багытталды. Баш прокурор Индира Жолдубаева акыркы кездерде паракорчулук менен болгон күрөштө иш солгундап кеткенине токтолду. 

Прокуратура тарабынан даярдалган докладда - коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзамдарды негизинен укук коргоо органдары жетиштүү деңгээлде аткарбай жатканы айтылды. Булар экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы, бажы кызматы жана ички иштер министрлиги. 
 Быйыл жыл башынан бери коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү жетишсиз жумуштары үчүн 22 мамлекеттик кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бирок, бул көрсөткүч 2015-жылга караганда жакшы жыйынтык экени белгиленди. 
Кеңеште негизинен күч органдарында коррупцияга каршы аракеттердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана мыйзам бузулган учурда катаал чараларды көрүү сунуштары берилди. Аны менен катар жетекчилерге мыйзамдын аткарылышына жеткиликтүү турдө көз салуу тапшырмалары айтылды.