Жаңылыктар
Экономикалык мунапыс боюнча атайын эсепке акча которулууда
Экономика
Экономикалык мунапыс боюнча атайын эсепке акча которулууда

Райымбек Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине дагы 42 миллион 300 миң сом которду. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Буга чейин ал 493 миллион 800 миң сом кайтарган. Ошентип Матраимовдон түшкөн акчанын көлөмү 536 миллион 200 миң сомго жетти.

Акча Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык мунапыс боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн эсепке которулгандыгы такталды. Мекеменин маалыматы боюнча, 17-ноябрга карата эсепке жалпы 539 миллион 300 миң сом түшкөн. Расмий өкүлдөр белгилегендей, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары 5-ноябрдан баштап Каржы министрлигинин эсебине акча каражаттарын которууну баштаган. 

Эске салсак, УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы жөнүндө маалымат тараткан. Кийинчерээк УКМК Райымбек Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектелүүчү төлөөгө макул болгон жана 80 миллион сомун дароо которгонун кабарлаган.