Жаңылыктар
Мунапыс мыйзамсыз колдонулганбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Мунапыс мыйзамсыз колдонулганбы?

7-апрель окуясы боюнча соттолгондорго мунапыс колдонулсун деген аскер сотунун өкүмүн аткаруу Жогорку Сот тарабынан токтотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук реформалары боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Маалымат боюнча , 2016-жылдын 23-майында аскер соту Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата жана адам укуктары боюнча декларациянын кабыл алынгандыгынын 65 жылдыгына карата 7-апрель боюнча соттолгондорго мунапыс колдонуу чечимин чыгарган. 

Бирок аскердик прокуратура мыйзамдагы 304-беренеге ылайык мунапыс - кызматтык кылмыштарды жасагандар үчүн колдонулбайт деген жүйөнү келтирүүдө. Азыркы учурда бул иш Жогорку Соттун кароосунда турат. Буга чейин соттук процесс 20-июлга жылдырылган. Депутаттар болсо бул маселени жалпы жыйынга алып чыгуу чечимин кабыл алышты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118