Жаңылыктар
Электрондук паспортко өтүүгө даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук паспортко өтүүгө даярдык

Түштүк Корея Кыргызстанга 7 миллион 460 миң доллар суммасындагы каражатты грант катарында бермей болду. Бүгүн эки тараптуу протоколго мамлекеттик каттоо кызматы менен Түштүк Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин өкүлү кол койду.

Корея тарап бул каражатка Кыргызстанга электрондук биометрикалык ID-картаны, тактап айтканда паспорт чыгаруучу жабдууларды алып келет. Бул иш-чаранын бардыгы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын макулдашуусунун негизинде ишке ашып жатат. 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хеге техникалык жактан көмөктөшүү боюнча кайрылып, сунушу жактырылган. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, гранттын эсебинен 2 миллион паспорттун бланкы дагы кошо келмекчи. Мындай камылга президенттик шайлоого жана электрондук өкмөт түзүүгө карата жүрүп жатат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118