Жаңылыктар
Йота ураганынан 30 киши көз жумду
Дүйнө
Йота ураганынан 30 киши көз жумду

Борбордук Америкада Йота урганынын айынан 30дан ашык адам көз жумду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

5-категориядагы Йота бороону  Никарагуанын жээгин каптаган. Шамалдын ылдамдыгы 249 км / саатка чейин жеткен. Суу ташкыны жана жер көчкү жүрүп, өлүмдөрдүн көпчүлүгү ушул өлкөдө катталган. Эки өлүм Панамада, бирөө Сальвадордо катталды. Колумбияда катуу шамалдан эки адам каза болду. Жалпысынан, 30дан ашуун адам көз жумуп, куткаруучулар обочолонгон жамааттарга жеткенден кийин курман болгондордун саны өсүшү мүмкүн.

160 миңге жакын Никарагуанын жана 70 миң Гондурастын 70 миң тургуну убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлдү.