Жаңылыктар
Укук коргоо органдарында коррупция токтой элек
Коррупция
Укук коргоо органдарында коррупция токтой элек

Укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөш жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Башкы прокуратуранын координациялык кеңешинин жыйынында маселеге өзгөчө көңүл буруу керектиги белгиленди. Өкмөт паракорлукту биротоло жеңүү үчүн бардык мекемелерди биригип иш алып барууга чакырат.

Башкы прокуратура уюштурган координациялык кеңештин жыйынына өкмөт өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери, эксперттер катышты. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева аткаруу бийлиги паракорлукка каршы бир катар аракеттерди көрүп жатканын, ага карабай жалпы коомчулуктун жардамы зарыл болуп турганын айтат.

“Өкмөт тарабынан мамлекеттик органдардагы паракорлукка каршы  чаралар көрүлүүдө. Коррупциялык схемаларды жок кылуу үчүн алгылыктуу иштер  жасалып жатат. Бул багытта ар бир мекемеде тиешелүү кызмат орду түзүлгөн.  Кызыкчылыктар кагылышы тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна  коюлган. Электрондук өкмөт системасы активдүү иштелүүдө. Долбоор коррупцияны  шарттай турган ортомчулуктарды жокко чыгарып, электрондук тейлөөнүн натыйжалуулугун  арттырат. Бирок, жалпысынан өлкөдөгү абалга оң баа бере албайбыз. Мамлекеттик  кызматтарда калыптанган эски көрүнүштөр дагы деле бар. Жогорку бийликтин  коррупцияга каршы күрөштөгү иштери саясий пропаганда эмес экенин көпчүлүк  түшүнүшү керек. Коомчулуктун жардамы жана ар бир кыргызстандыктын берген баасы  маанилүү болуп саналат”.

Өкмөт паракорлукка каршы күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташуунун уюмдашкан системасын калыптандырууга да чакырат. Коррупция көйгөйүнө соңку жылдары Коргоо Кеңеши да өзгөчө көңүл буруп келет. Анын катчысы Темир Жумакадыров:

“Соңку учурларда коррупцияга каршы ишмердүүлүккө бардык  мамлекеттик органдарды тарта алдык. Ишкер чөйрөсүн, жарандык коомду жана  массалык маалымат каражаттарын активдештирдик. Анын натыйжасы сезилип жатат.  Мамлекеттик сатып алууларда, тескөөчү, лицензиялык-укук берүүчүлүк  функцияларда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жана кадрдык дайындоолордогу  жемкорлуктар аныкталууда. Булар боюнча ар бир мамлекеттик органдарга  сунуштамалар берилип жатат”.

Ал эми Башкы прокуратура укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы иштер тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатканын белгилейт. Коррупциянын деңгээлин ченеген эл аралык уюмдардын маалыматтарында Кыргызстанда абал жакшырып баратканы айтылат.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"