Жаңылыктар
Тилсиз жоодон 102 адам куткарылды
Өзгөчө кырдаал
Тилсиз жоодон 102 адам куткарылды

Тилсиз жоодон 102 адам куткарылып, 4 миллиард сомдон  ашуун материалдык баалуулуктар сакталган.

Бул тууралуу КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков билдирди. “Жалпысынан жыл башынан бери 10 ай ичинде  2045 өрт кырсыгы катталган өрттүн кесепетинен 16 адам каза таап, 23 адам жабыркаган. Өздүк курамдын аракетинде тилсиз жоодон 102 адам куткарылып, 4 586 564 000 сомдук  материалдык баалуулуктар сакталган. Кошумчалай кетсек, 1299 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5%% түзгөн.”, - деди ал.

Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 38,9%  азайган, 2019-жылы 10 ай ичинде 3349 өрт кырсыгы катталган.

          Кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;
  • от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;
  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерди сактап, муну менен Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү тилсиз жоодон, өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.