Жаңылыктар
Россияда коронавирус менен ооругандардын саны эки миллиондон ашты
Дүйнө
Россияда коронавирус менен ооругандардын саны эки миллиондон ашты

Россияда коронавируска чалдыккандардын саны эки миллиондон ашты. Бул тууралуу 19-ноябрь күнү штаб билдирди.

Бир күндө рекорддук - 23 610 учур аныкталды. Вирусту жуктургандардын жалпы саны 2015 608ге чейин көбөйдү. Жалпысынан жугуштуу оорудан 34 850 бейтап көз жумган.

Ошол эле учурда, айыккандар арасында дагы рекорд коюлду ,бир күндө - 25 573 адам оорудан айыкты . Ал эми жалпысынан 1 526 656 бейтап ооруну жеңди.