Жаңылыктар
Обаманын китеби биринчи сатыкка чыккан күнү эле рекорд койду
Дүйнө
Обаманын китеби биринчи сатыкка чыккан күнү эле рекорд койду

АКШнын 44-президенти Барак Обаманын “Эңсеген жер” китебинин биринчи тому сатыкка чыккан биринчи эле күнү рекорд койду. АКШ жана Канадада сутка ичинде 887 миң нускадагы китеп сатылганын CNN  Penguin Random House басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Басмакана, бул жыйынтык компания тарабынан чыгарылган " бардык китептер арасында 1-күнү ушундай көлөмдө сатылган алгачкы китеп " деп жазды. Ал эми АКШ жана Канада үчүн 3 миллион 400 миң экземпляр чыгарышкан.

Барак Обаманын жарык көргөн китеби 800 беттен турат. Бул анын үчүнчү китеби, буга чейин “Менин атамдын кыялы” жана “Үмүттүн тайманбастыгы” деп аталган китептери жалпы нускасы миллиондон болгон.

Ак үйдүн мурунку башчысы китепте "өзүн адам катарында издеген жаш жигиттен эркин дүйнөнүн лидерине чейинки окуясын" баяндайт.