Жаңылыктар
Мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн
Айыл чарба
Мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Республиканын азык-түлүк коопсуздугу боюнча  мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу жана максатында, айыл чарба продукциясынын бааларын мамлекеттик жөнгө салууну жана социалдык жактан маанилүү товарларды экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо.

«Азыркы оор кырдаалда  азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү маанилүү. Ички базарды  мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар ”, - деди министр Тилек Токтогазиев.

Айыл чарба продукцияларынын тизмеси:


Товардын аталышы
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду
1.
Тирүү жылкы
0101
2.
Ири мүйүздүү тирүү мал
0102
3.
Тирүү койлор жана эчкилер
0104
4
Тирүү үй канаттуулары: тооктор (Gallus domesticus), өрдөктөр,каздар, индейкалар жана куштар
0105
4.
Буудай жана меслин
1001
5.
Арпа
1003
6.
Жүгөрү
1005
7.
Күрүч
1006
8.
Буудай уну
1101 00
9.
Өсүмдүк майы
1512 ден
10.
Кумшекер
1701 99
11.
Тоок жумурткасы
0407 11 000 0,
0407 21 000 0
12.
Йоддолгон тамакка салынуучу туз
2501 00 91
13.
Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми
1214 90 900 0,
2302 ден


Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.