Жаңылыктар
Түркиянын аэропортундагы жардыруудан 36 адам каза болду
Дүйнө
Түркиянын аэропортундагы жардыруудан 36 адам каза болду

Кечээ, Түркиянын эл аралык "Ата-Түрк" аэропортунда  3 жолу жардыруу болду. Жардыруу болгон жерге келген өлкөнүн премьери Бинали Йылдырымдын жергиликтүү  маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө 36 адам каза болуп, 150гө жакыны жарадар болгон. 

Жарадар болгондордун арасында оор акыбалда жаткандары да бар. Теракттын курмандыктарына кабылгандардын көпчүлүгүн Түркиянын тургундары түзөт. Арасында чет элдик жарандар дагы катталган. 

Кол салгандар аэропорттун имаратындагы адамдарга ок чыгарып андан кийин ар жерде жайгашкан терминалдардын жанынан өзүлөрүн жардырып жиберишкен.Куткаруучу топтор пассажирлер менен аэропорттун кызматкерлеринин баарын чыгарып кетишти. 


Булак: newsru.com

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118