Жаңылыктар
Айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн сыртка экспорт кылууга убактылуу тыюу салынды
Экономика
Айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн сыртка экспорт кылууга убактылуу тыюу салынды

Азык-түлүктүн кескин жетишсиздигине жол бербөө максатында айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн сыртка экспорт кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө өкмөттүн токтому чыкты. Бул чечим айыл чарба министрлигинин сунушунун негизинде ишке ашты. Соңку айларда көп керектелүүчү товарлар кескин кымбаттап, элдин жашоосуна оорчулук алып келген. 

Пандемияда кыйналган элге азык-түлүктүн кымбатташы кошумча түйшүк алып келди. Көп керектелүүчү өсүмдүк майдын литрине эле 80 сомго чейин кошулду. Ал эми мал этинин баалары күн сайын өскөндүн үстүндө.

Калктын негизги катмары базарлардан соода кылат. Эт сатылчу жерде аларман аз, сооданын жайлашына асман чапчыган баа себеп болгон.
Көңүлүндөгү көлөмдө эт ала албасына көзү жеткен аларман, башын чайкап кыжаалат. Өзгөчө пенсионерлер кыйналууда.

Жаралган оор кырдаалдан чыгуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айрым продукцияларды экспорттоого чектөө киргизүү демилгесин айыл чарба министрлиги киргизген.