Жаңылыктар
Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту жабылат
Билим
Социалдык  өнүктүрүү  жана  ишкердик  институту жабылат

Социалдык  өнүктүрүү  жана  ишкердик  институтунун  жамааты аталган окуу жайдын жабылышына каршы. Алар бул тууралуу 28-июнда өткөн маалымат жыйында билдиришти. Маалыматтарга караганда, 2012-жылы  өкмөттүн токтомуна ылайык, эки  багыттагы адистерди даярдоо боюнча  аталган окуу жай бакалавр  багытында адистерди  даярдап башташкан. Мындан тышкары, ички аттестация  жүргүзүлүп   анын отчету билим берүү жана илим  министрлигине  да  жиберилген. Бирок министрлик Социалдык өнүктүү жана ишкердик  институту быйылкы окуу жылына  абитуриенттерди  кабыл албашы  керектигин  жана  окуп жаткан  студенттерди  башка окуу жайларга которуу боюнча чечим кабыл алгандыгы  жакында белгилүү  болду. Буга биз каршыбыз  дейт  окутуучулар. Ал арада  билим берүү жана илим министрлиги бул айтылгандарды төгүндөп,  аталган  окуу жай  социалдык өнүктүрүү  министрлигинин  балансына  өткөрүлүп  берерин кабарлашты. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"