Жаңылыктар
Түркмөн өкмөтү Ашхабаддагы сейсмикалык кооптуу аймакта 35 кабаттуу имарат курууну пландоодо
Дүйнө
Түркмөн өкмөтү Ашхабаддагы сейсмикалык кооптуу аймакта 35 кабаттуу имарат курууну пландоодо

Түркмөн бийлиги Ашхабаддын сейсмикалык жактан кооптуу делген аймагында 35 кабаттуу имарат курууну пландап жатат.

Бул тууралуу өткөн аптада Түркмөнстандын Курулуш жана архитектура министрлигинин Мамлекеттик экспертизалар башкармалыгынын башчысы Мурад Непесов билдирди.

Непесов 35 кабаттуу имарат борбор калаанын түндүгүндө курулуп жаткан «Ашхабад-сити» комплексинин аймагынан орун аларын айтты.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өткөн жылы борбор калаада «Ашхабад-сити» бизнес комплекси куруларын айтып, бирок анын наркы жөнүндө үн каткан эмес.

Долбоордун планы боюнча комплекстин жалпы аянты 744 гектарды түзөт жана өзүнө 200дөн ашуун имаратты камтыйт. Алардын ичинен 180 турак жай курулат.

Орусиянын Мамлекеттик экспертизалар башкармалыгын сайтында 35 кабаттуу имарат 9 баллдан ашкан Ашхабаддын сейсмикалык активдүү зонасында курула турганы белгиленген.

Мурад Непесов Ашхабадда 1948-жылы октябрда болгон зилзалада шаар толугу менен кыйрап, 100 миңден ашуун киши өлгөнүн да эске салды. Ошол эле маалда ал көп кабаттуу имаратты курууда сейсмикалык шарттарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.