Жаңылыктар
Кыргызстандык Валентина Шевченко 4-жолу чемпиондук курун коргоду
Спорт
Кыргызстандык Валентина Шевченко 4-жолу чемпиондук курун коргоду

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 255 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Женнифер Майяны жеңип, чемпиондук наамын 4-жолу коргоду. 

Турнир 22-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Беттеш толук 5 раунд болуп,  калыстардын бирдиктүү чечими менен каршылашын жеңип алды. Анын алдында Валентинанын бир тууганы Антонина Шевченко да бразилиялык Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен утту. 

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 2018-жылдын 8-декабрнда чемпиондук титулду жеңип алган. Буга чейин, Джессика Ай, Лиз Кармуш жана Кетлин Чукагянга каршы чемпиондук наамын коргогон.