Кыргыз мигранттары социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн жашап, иштеп жаткан өлкөсүндө төлөшөт. Ал мамлекеттер мигранттардын Соцфондго төлөгөн акчасын Кыргызстанга, өз эсебине которбойт жана алар келечекте пенсия ала алышпайт.
Мындай маалыматтарды Кыргызстандын социалдык фондунан билдиришти. Бүгүнкү күндө мигранттар тарабынан пенсия төлөмдөрүн которуу боюнча телефон аркылуу кеп-кеңештер суралып турганы менен расмий түрдө аталган мекемеге кайрылгандары жок.
Тышкы иштер министрлиги Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында бул маселе каралган, азыркы күндө социалдык фонддон конкреттүү иш пландарды күтүп жатышкандыгын айтышат.