Жаңылыктар
Россияда 6 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап, кайра туруп басып кетти
Дүйнө
Россияда 6 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап, кайра туруп басып кетти

Россиянын Томск шаарында 6 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап кетти. Ал 4-кабаттан үйүлүп жаткан кардын үстүнө кулап түшкөн. Видео социалдык тармактарга жарыяланган.

Видеодо байкалгандай кыз кулап түшүп, кайра туруп үйүнө кирип кеткени көрүнүп турат. Кийинчерээк Томск облусунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы окуя 21-ноябрь күнү кечинде болгонун билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, окуядан кийин кыз ооруканага түшкөн. "Бала түндү реанимацияда өткөрдү, ал жерде дарыгерлер кичинекей бейтаптын абалына кам көрүп жатышат, абалы туруктуу", - деп жазат басма сөз кызматы.