Жаңылыктар
Ливанда 70 киши абактан качып кетти
Дүйнө
Ливанда 70 киши абактан качып кетти

Ливандын баш калаасы Баабданын чет жакасында, 21-ноябрь  күнү абактан 70 киши качып кетти. Бул тууралуу LBC телеканалы жарыялады.

 Маалыматка ылайык, дээрлик 70 адам камералардын эшигин талкалап, күзөтчүлөрдү байлап, шаарга качып кетишкен. Коопсуздук күчтөрү Баабда аймагын курчоого алышып, качкындарды издеп жатышат. Азырынча алар эркиндикке качкан тогуз кишини кармады.