Жаңылыктар
Бишкек: 54 адам анализ тапшырып, 1 бейтаптан ВИЧ илдети табылды
Ден соолук
Бишкек: 54 адам анализ тапшырып, 1 бейтаптан ВИЧ илдети табылды

Республикалык “СПИД” борбору 2020-жылдын 23-ноябрынан тартып Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөө өткөрүп жатат.

Бардык каалоочулар өзүнүн ден соолугунун абалын билүүгө болот.


Азыркы тапта, Ош базарда 54 киши тест тапшырды. Анын ичинен бир адамдын ВИЧ-инфекциясына чалдыкканы аныкталып, “СПИД” борборуна 2-ирет  анализ тапшырууга жөнөтүлдү.


Эскерте кетсек, бул акысыз текшерүү Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт. Мобилдик тестирлөөнү өткөрүү орду жана убактысы:

Тестирлөөнүн убактысы  10:00  башталат  15:00 чейин :

“Ош”  базары- 23.11.2020

“Ош” базары- 24.11.2020

“Аламедин”  базары- 25.11.2020

“Аламедин” базары- 26.11.2020

“Сары-Өзөн” базары- 27.11.2020

“Сары-Өзөн” базары- 28.11.2020

“Дордой-Дыйкан” базары- 30.11.2020

“Орто-Сай” базары- 01.12.2020