Жаңылыктар
Гватемалада бюджеттин кыскартылышынын айынан парламенттин имараты өрттөлдү
Дүйнө
Гватемалада бюджеттин кыскартылышынын айынан парламенттин имараты өрттөлдү

Гватемалада бюджеттин кыскаргандыгына байланыштуу митингчилер парламенттин имаратын өрттөп жиберишти.  Депутаттар тарабынан бекитилген бюджеттик секвестр билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы чыгымдарды кыскарткан. Бул тууралуу The Guardian билдирди.  

Маалыматка ылайык, парламент имаратынын жанына жети миңге жакын адам чогулган. Митингчилердин айтымында, парламент өзгөртүүлөрдү жашыруун кабыл алган, ошондуктан алар өлкөнүн Конгрессинин имаратынын бир бөлүгүн өрттөп жиберишкен. Парламент имаратына келтирилген чыгым эсептелип жатат.

Гватемаланын президенти Алехандро Гиямматтей парламент имаратын өрттөгөндөрдү сынга алганы маалым болду. Андан сырткары  депутаттардын ар кандай топтору менен резонанс жараткан бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча жолугушуу өткөрүп жаткандыгын кошумчалады.Ал эми, вице-президент Гильермо Кастильо кызматтан кетүүнү сунуштап, президенттен дагы "өлкөнүн тынчтыгы үчүн" кызматтан кетүүсүн суранды.