Жаңылыктар
Билимбек Алмаматов жиу-житсу боюнча Панамерикалык чемпионатта эки алтын медаль жеңип алды
Спорт
 Билимбек Алмаматов жиу-житсу боюнча Панамерикалык чемпионатта эки алтын медаль жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов жиу-житсу боюнча Панамерикалык чемпионатта эки алтын медаль жеңип алды.

“Pans NO GI 2020 IBJJF” аталышындагы мелдеш 21-22-ноябрь күндөрү Американын Атланта шаарында өткөрүлдү. Кыргыз спортчусу өзүнүн жана абсолюттук салмакта күч сынашып, экөөндө тең чемпион аталды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Тынчтык Мамасадыков 3-орунду ээледи.