Жаңылыктар
Никарагуада жүк ташуучу унаа оодарылып, 17 адам көз жумду
Дүйнө
Никарагуада жүк ташуучу унаа оодарылып, 17 адам көз жумду

Никарагуада жүк ташуучу унаа оодарылып, сайга кулады. Натыйжада 17 адам каза болуп, 25 адам жаракат алды. Бул тууралуу 24-ноябрь күнү Punto Central Noticias билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында 12 аял жана бир наристе бар. Кырсык болгон Васлаланын мэри Герман Варгас кырсык коомдук унаа катары колдонулган жүк ташуучу унаадагы тормоз иштебей калгандыктан болушу мүмкүн деп билдирди. Жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын аткарып, 70 кишиге ылайыкташкан. Бул каттамга канча жүргүнчү баргандыгы көрсөтүлгөн эмес. Айдоочу оор жаракат алып, бирок тирүү калган.