Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстандын бокс чемпионаты башталат
Спорт
Бүгүн Кыргызстандын бокс чемпионаты башталат

Бүгүнтөн тарта Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты башталат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, 27-ноябрга чейин алдын ала кездешкен беттештер, чейрек финал, жарым финал турнирлери өтөт. 

Ал эми финалдык беттеш 28-ноябрда болот. Чемпионаттын максаты - жаңы Олимп оюндарына улуттук курама команданын мүчөлөрүн түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана жаштар арасында бул спорттун түрүн жайылтуу. Мелдеш эл аралык бокс ассоциациясынын эрежесине ылайык, эркектер арасында он, аялдар арасында беш салмактык категорияда өткөрүлөт.