Жаңылыктар
Өлкө аймагында дагы бир жер силкинүү катталды
Өзгөчө кырдаал
Өлкө аймагында дагы бир жер силкинүү катталды

Бүгүн түнкү саат 3 жарымдар чамасында күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анын очогу Алай тоо кыркаларында катталган. 

Силкинүүнүн күчү Ош облусунун Бор-Дөбө айылында 7 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кара-Киндик айылдарында 6 балл, Нура, Эркештам айылдарында 5-6 баллга жеткен. Белгилүү болгондой, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин ыкчам тобу аймакка жөнөп кетти.