Жаңылыктар
Галина Скрипкина мандатын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Галина Скрипкина мандатын тапшырды

Парламенттин бүгүнкү отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина мандатын тапшырды. Ал өткөн айда Евразия экономикалык биримдигинин сотуна судьялык кызматка дайындалган.

Аталган органдын кеңсеси Беларустун борбору Минск шаарында жайгашкан. Эл өкүлдөрүнүн жалпы жыйынында ага депутаттык ишмердүүлүгү үчүн ыраазылык айтылып, белектер тапшырылды.