Бишкек-Торугарт жолунун 243-чакырымында (Төлөк айылы) 23-ноябрь күнү саат 22:10до "Нексия" автомашинасынын айдоочусу жылкыны сүзүп, жолдон чыгып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, кырсыктан 19 жаштагы кыз каза болуп, 3 эркек киши жабыркаган.
Куткаруучулар каза болгон жаранды машинадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.