Жаңылыктар
Түркияда COVID-19дун айынан он айда туристтердин саны 70% га азайды
Дүйнө
Түркияда COVID-19дун айынан он айда туристтердин саны 70% га азайды

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен 2020-жылдын он айында Түркиядагы чет элдик туристтердин саны 72,5% га азайды. Бул тууралуу Gazeta.ru өлкөнүн Маданият жана туризм министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул жылы Түркиянын курортторуна 11,2 миллион гана чет элдик адамдар келсе, 2019-жылы өлкөдө 52 миллиондон ашуун адам эс алган.

Пандемияга карабастан, 2020-жылы Түркияга барган туристтердин көпчүлүгү Стамбулга (37%) баргандыгы белгиленди. Рейтингиндеги экинчи орунга 28% менен Анталия жайгашкан.